www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Араван районунда селден кийин калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 23:00–23:30 чамаларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Араван районунда сел жүрүп, бир катар турак үйлөрдү жана унаа жолдорун каптады.
Алдын ала маалымат боюнча, Достук айыл аймагындагы Жаңы-Араван жана Маданият айылдарында сел суулары кирген.
Жаңы-Араван айылында жалпы 22 турак үй жабыркап, анын ичинен 16 турак үйдүн жер төлөсүнө жана 6 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.
Маданият айылында 2 турак үй жабыркап, 1 турак үйдүн ичине жана 1 чарбалык курулушка суу кирген.
Ошондой эле, Ош–Араван–Чек-Абад унаа жолунун 16–18-чакырым аралыктарын жана Ноокат–Араван–Төө-Моюн унаа жолунун 32–38-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, унаа кыймылына кыйынчылыктар жаралган.
Аткарылган иш-чаралардын жүрүшүндө №44 ЖТИден 2 грейдер, 2 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдор толугу менен тазаланып ачылды. Ошондой эле 23 турак үйдүн жер төлөлөрүндөгү сел суулары сордурулуп чыгарылды.
Жеринде Араван райондук мамлекеттик администрациясы, КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы, Республикалык өзүнчө куткаруу отряды, №44 ЖТИ, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Жалпы 31 кызматкер, 9 техника жана 5 мотопомпа тартылган.
Кошумча маалымат берилет.