www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайдагы болгон өзгөчө оор кылмыш тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жарандар тарабынан кабар келген, анда 24-май күнү саат 18.15де Ош шаарынын Амир Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга белгисиз атуул кирип, акча алмаштыруучу жайдын ээсине бычак менен кол салып жаткандыгын кабарлаган.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери ыкчам барышкан. Аталган даректе акча алмаштыруучу жайдын ээси 1992-жылы туулган М.Х. аттуу жаран денесинен жаракат алып, Ош ШИИБдин кайгул күзөт кызматынын автоунаасынын жардамы менен Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ош ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал өзүнө кол салып, жанын кыюуга аракет жасаган. Бирок, ыкчам кызматкерлер ага мүмкүнчүлүк бербей, кармап калууга үлгүрүшкөн.
Шектүү Ош ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, анын өздүгү такталган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран болгон. Аны жеке тинтүү учурунда жанынан 37 500 (отуз жети мин беш жүз) сом акча, эки даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук кол телефондору жана бир даана 100 граммдык “Беленькая” спирттик ичимдигинин бош бөтөлкөсү алынган.
Байкоо камераларына кепка жана бет кап кийген кишинин акча алмаштыруу жайына кирип, кызматкерди бир нече жолу бычак менен сайып, акчаны алып, качып кеткени тартылып калган.
Окуя болгон жерди кароодо канга окшош заттар, бычак, дептер ал жерге орнотулган видео тасманы сактаган сервер алынды.
Ош шаардык ооруканасынын берген маалым каты боюнча жабырлануучу М.Х. Ош шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операция жасалып жаткан учурда алган жаракатынан улам каза болгон.
Аталган окуя боюнча КЖКнын 122-бер. 2-б. 7,10,12-п.п.,(адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.