www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-майы күнү саат 01:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында сел суулары жүрүп, бир катар айыл аймактарында турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди каптады. Бул тууралуу ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча:

Мады айыл аймагында

Асан-Чек айылында 6 турак үйдү сел суулары каптап, анын ичинен 1 үйдүн жер төлөсүнө, 1 үйдүн ичине жана 4 үйдүн короосуна суу кирген.

Кыргыз-Чек айылында 11 турак үйдүн короолорун суу каптап, оорукананын жер төлөсүнө суу кирген. Оорукананын кызматкерлери сууну өз алдынча сордуруп чыгышкан. Жеринде 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 ассенизатор жана 1 мотопомпа тартылып, иштер жүргүзүлүүдө.

Датка айыл аймагында

Падаван айылында 6 турак үй жабыркап, анын ичинен 3 үйдүн жер төлөсүнө жана 3 үйдүн короосуна суу кирген. Окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ӨКБдан 8 куткаруучу, 1 мотопомпа жана 1 экскаватор иш алып барууда.

Ынтымак айыл аймагында

Жаңы-Арык айылында 1 турак үйдүн жер төлөсүнө жана 2 турак үйдүн короосуна суу кирген.

Таш-Арык айылында 3 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган. Жеринде 1 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ала-Тоо айыл аймагында

Жар-Ооз айылында 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген.

Отуз-Адыр айыл аймагында

Сары-Колот айылында сел суулары 50 турак үйдү каптап, анын ичинен 1 турак үй жана 6 сарай авариялык абалга келген. Ошондой эле 48 баш койду сел суулары агызып кеткен.

Курбана-Кара айылында Исанов атындагы мектептин короосун суу каптап, турак үйлөр боюнча маалымат такталууда.

Учурда жеринде Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тактоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Жалпы алдын ала маалымат боюнча район аймагында:

56 турак үйдүн жер төлөсүнө;

23 турак үйдүн короосуна;

1 оорукананын жер төлөсүнө;

1 мектептин короосуна сел суулары кирген.

Мындан сырткары 1 турак үй жана 6 сарай авариялык абалга келип, 48 баш койду сел суулары агызып кеткен.

Последние новости