www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 19-июнда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди.  А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларда, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, кармалгандардын бири К.Б. Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев 24-майда "Батуми" кафесин бузууга келгенде мекемени калкалаган деп айыптаган. Андан кийин кафенин ээси К.Б. анын уулу экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости