www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик дарыгер, экстрасенс, Жунай Дооронов, “Арасат дүйнөдө калгандардын катарына ачкөз адамдар да кирет!”, деп "NazarNews.kg" маалыматтык агентигине маек курган.

Жунай Дооронов учурунда “Манас жаӊырыгы” телеканалынан телекөрүүчүлөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп бергенден тышкары элге сеанс өткөрүп дарылачу эле. Элдин алкышына ээ болгон бул инсанга айрым ашкере динчилдер бут тосконунан улам көптөн бери көгүлтүр экрандан көрүнбөй калган болчу.   Жунай мырза менен болгон маегибиз мусулманчылык менен теӊирчилик тууралуу болду. Ал менин берген ар бир суроомо айрымдарга окшоп кылчактабай эч тартынбастан төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.  

—Жунай мырза, буга чейин мусулманчылыкты туу туткандар менен теӊирчиликти колдогондордун ортосунда пикир келишпестиктер жаралганынан сиз деле кабардар болсоӊуз керек.  ММКнын бирине Баштеӊирчи Анарбек Усупбаев менен мурунку муфтий Чубак Жалилов бири-бирине асылган маектерди  берген эле. Чындыгында ислам динин кыргыздар кийинки мезгилдерде гана кабыл алганын сиз деле билесиз. А кыргыз касиеттүү эл болгондуктан Теӊирге сыйынган да. “Теӊир колдосун!”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Учурунда экс-президент айткандай көчөдө сакалын сапсайткан дамбалчандар да көбөйдү. Сиз эми кыргыздын байыркы дини катары эсептелген теӊирчилик тууралуу эмне айта аласыз? 

—Мусулманчылык менен теӊирчилик жандаш эле нерсе болуп эсептелет. Бирок бул жерде мусулманчылыктын көп жакшы да, жаман да жагы бар. Себеби теӊирчилик экөө биригип эле жакшы жолду алып кетсе болмок да. Ошол теӊирчилилер деле намаз окуп, орозо кармап, айтор шарияттын жол-жоболорун аткарат. Ошол сыяктуу эле мусулмандар деле бир Кудайга сыйынып жатат. Баардык эле христиандар, буддалар деле бир Кудайга сыйынып жатканын баса белгилеп кетмекчимин. Ошон үчүн айтат элем. Теӊирчилик бул байыркы заманда ислам динине чейин эле пайда болгон кыргызчылык. Бул теӊирчилик экөө бир эле. Ошондуктан теӊирчилик болуп келген жана боло бермекчи. Белгилүү диний эксперт Кадыр Маликовдун бир китебинде: “Көз тийгенде эмне кылыш керек?”-десе:  “Көз тийгенде кимдин көзү тийсе ошол адамдын башынан ылдый карай даарат сууну куюп жибериш керек”-деп жооп берип жатат. “Дубаларды эмне кылыш керек?”-десе , “окуп кайтарыш керек”-дейт.  “Чочуганда эмне кылыш керек?”-десе,  “эшиктин көзүнө отургузуп башына муштумду коюп балта менен үч жолу чаап коюш керек”-дейт.  Бул деген мусулманчылык эмес теӊирчилик. Бирок бул мусулманчылыкта колдонулуп жатпайбы. Мына маселен, баардык эле көз тийүү, сөз тийүү, дуба , окутма ошолордун баарын байыртадан эле кыргызчылык менен айыктырып келишкен да.  Эми карап көрсөӊөр баягы динде курандын сүрөөлөрү менен окуп жатат. А кыргызчылыкта ошол куранга тете сөздөрдү айтып эле окуп жатат. “Мында эмнеӊ бар? Бар кет. Сайга бар. Эл жок чөлгө бар”-деп айтылып жатат. Ал эми куранда болсо ошол эле сөздөр менен араб тилинде айтып “кара күчтөрдү” чыгарып жатпайбы. Демек, мунун эч айырмасы деле жок. Куранга  Алла Таалам касиетти салып, ал эми кыргызча айткан сөздөргө салбаптыр. Негизи бул экөө бирдей эле. Бул жерде мен айтат элем. Ошол окуп жаткан молдонун өзүндөгү касиет, колдоочулар  “кара күчтөрдү” өзү чыгарат. Ал эми кыргызчылык менен алек болгон адамда анын касиет, колдоочулары чыгарат. Бул жерде айырмасы жок. Мен айтат элем. Курманжан апабызды датка кылган анын жанында жүргөн колдоочу жолборсу. Македонскийди болсо бүркүтү  Македонский кылган. Манас бабабыздын бир топ колдоочулары болгон. Ошон үчүн колдоочу иштеп, колдоочу дарылайт. Адамга кирип кеткен илешмелерди чыгаруучу Аллага баш ийген касиет, колдоочулар болуп эсептелет. Аллага баш ийген касиет, колдоочулардын баары күчтүү болот. Ошон үчүн Алла Таалам күчтүү деп айтып жатабыз. 

—“Ата-бабанын арбагы колдосун!”-деп кыргыздар көп айтат экен. Молдолор болсо “Арбак эч качан колдобойт. Алла Таала гана колдойт!”-деп айтышат. Буга сиздин пикириӊиз кандай ? 

—Менин пикирим мындай. Баардык молдокени угуп турсаӊ куран окуп жатканда пайгамбарыбызды, касиеттүү адамдарыбызды, ата-бабаларыбызды, көзү өткөн пенденин жана анын атасынын айтат. Мына көрдүӊбү? Демек, молдокелерге болот экен да, жөнөкөй теӊирчилерге болбойбу? Алар болбойт деп туруп иш кылып жатышпайбы. Бул туура эмес. Бул дүйнөдөн кеткен адамдардын каякка кеткенин молдоке көргөн жок да. Бирок бул куранда да айтылат. Бул дүйнөдөн кетип жаткан адамды молдолор кээ бир жерде үч, кээ бир жерде жети, айрым аймактарда кырк күн окуйт. Бул дүйнөдөн кетпей калган адамдар да кездешет. Ошол арбакты кетирүү жаназаны мойнуна алган молдонун милдети. Молдонун илими күчтүү болгону менен касиети күчтүү болбой калышы мүмкүн. Маселен, адамга кирген жинди азап менен чыгарган сыяктуу эле, бул дүйнөдөн адамдар түз эле кетип кала бербейт. Анткени үч күнгө чейин ар кандай “кара күчтөр” алышып турат. Маркумду узатып жаткан учурда булар кадимкидей тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Аны элдин баары эле биле бербейт. Кыргызчылыкта көзү өткөн адамдын баш жагына балта коюшуп, же шам жагып коюшкан экен. Маркумду жалгыз калтырбаш керек дейт. Ошол маалда керек болсо жин-шайтан алып кетип калат экен. Ислам дининде молдо жаназаны мойнуна алгандан кийин чоӊ милдетти аткарышы керек. 

—Жаназа буюрбагандыктан эки дүйнөдөн теӊ ордун таппай ортодо арасат дүйнөдө кимдер калат?

—Булар уурулар менен киши өлтүргөндөр. Эми булардын да түрлөрү болот. Кээ бирөө атайын киши өлтүрсө, кээ бирөө өзүн коргогону жатып капыстан бирөөнү өлтүрүп алат. Бирөөнү атайылап өлтүргөндөрдүн жан дүйнөсүн жин-шайтан ээлеп алгандыктан алар өздөрүн көзөмөлдөй албай калышат. Ошон үчүн аларга жаназа буюрбагандыктан бул дүйнөдөн да, тигил дүйнөдөн да орун таба алышпай ортодо арасат дүйнөдө калышат. Алар акыры ач арбакка айланышып адамдарга илешип оорулуу же майып кылат. Булар таптакыр үйлөнбөгөн же турмушка чыкпагандардын денесине кирип алып жашай башташат. Булардын денеси көрдө жатса да арбагы үйдө же ар кай жерде калып калат. Арасат дүйнөдө калып калгандардын катарына аягы суюк, анан ачкөз адамдар да кирет. Буларга да жаназа буюрбайт.  

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg

 

Последние новости