www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Арзыгүл Галымбетова 25-мартта Баткен ОИИБге келип Батма бат YouTube каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген таризде арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошол эле күнү арыздануучунун ден-соолугу начарлап, саат 20:00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган.

Дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай түндө каза болуп калган. Бул факты боюнча анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127- беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну — Б.Ж. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, журналист Арзыгул Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылды.

Арзыгул Галымбетова 1984-жылы Баткен районунда төрөлгөн. 2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы "Эхо Манас" телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган. 2007-2008-жылдары "Кыргызстан обондору" радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары "КТР ОБО" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости