www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү тастыктады.
Анын айтымында, суракка чакырылышына «Ханституцияга каршы» кыймылынын имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгону себеп болушу мүмкүн.
«Кыймылдын имаратын ижарага алууда мен расмий тарапмын. Балким ушундан улам чакырылып жатсам керек. Негизи буга чейин деле атайын кызматтын өкүлдөрү аңдып жүргөндөй болгон», - деди ал.
Белгилей кетсек, Бекчоро уулунун сурагы 19-мартта 10:30да башталат. Ал 9-мартта Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыккан пикетке катышкан.
Эске салсак, 15-мартта блогер Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) кармалып, ошол эле түнү «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесин күч органдары тинтүүгө алган.
Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») менен айыпталып, бир айга камалды.
Булак: NazarNews.kg