www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 12-ноябрда “Бишкек” эркин экономика аймагынын башкы директору болуп журналист Кудрет Тайчубаров дайындалды.

Буга чейинки жетекчиси Дүйшөн Исралиев президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен 28-октябрда кызматынан бошотулган.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Бишкек” эркин экономикалык “Манас”  эл аралык аэропорту жактагы Ак-Чий аянтында жайгашкан, анын аянты 203,09  гектарды түзөт.Кийин ага Бишкектеги “ВДНХ” жактан 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектар кошулган. Жалпы аянты 345,09 гектарды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости