www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык арызы боюнча соттук отурум уланды. Адвокат Акынбек Ногоев мурда жүргүзүлгөн экспертизаларга альтернативдүү, көз карандысыз лингвист Нуржан Нарынбаева даярдаган бүтүм бар экенин айтып, аны иштин материалдарына тиркөөнү өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды, бирок комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Ишти кароо убакыттын тардыгына байланыштуу 10-февралга жылдырылды.
Эске салсак, 2025-жылдын 3-июлунда райондук сот Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын берген. Анын адвокаттары өкүмгө каршы апелляциялык арыз беришкен.
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды
