www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул маалыматты Семетей Талас уулу өзү "Азаттыкка" ырастады. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.
Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Журналист сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.
41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.
Булак: Азаттык