www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттердин иши Ленин райондук сотуна өттү

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаардык соту “массалык башаламандыктарга” шек саналып жаткан 11 журналисттин ишин Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

Жактоочу Нурсултан Жаныбековдун айтымында, иш мындан ары Ленин райондук сотунда карала баштайт.

«Бүгүнкү отурумда прокуратуранын өкүлү апелляциялык өндүрүштү кыскартуу тууралуу өтүнүч келтирди. Апелляциялык тартипте аталган токтом даттанууга жатпайт деген жүйө келтирди. Биз бул менен макул эмеспиз»,-деди Жаныбеков.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийин жетөө үй камагына чыккан.

Азыркы тапта “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости