www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания менен Enwan Consultant Bureau (Сауд Арабия) ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматында, Сауд өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар өлчөмүндө турак жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга 25 жылдык мөөнөткө 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя берет. Мамлекеттик ипотекалык компания кредиттик каражаттардын оператору болуп саналат.

Турак жай «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучулары үчүн курулат жана «сатып алуу үчүн ижарага алуу» механизми боюнча төмөнкү багыттар боюнча берилет:
• Социалдык ипотека;
• Жеңилдетилген ипотека;
• Жеткиликтүү ипотека.

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучулары ай сайын ипотекалык төлөмдөрдү төлөп турушат, түшкөн акча каражатты МИК Сауд өнүктүрүү фондуна насыяны төлөөгө жумшайт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости