www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз дагы табылды

Бүгүн саат 11:30да Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар аны көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден алып чыгышты.

Маалым болгондой буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эскерте кетсек, 18-май күнү Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости