www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "Азаттык" жана Kloop маалымат агенттиктеринин журналисттик иликтөөлөрүн карап чыгып, сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, аталган журналисттик иликтөөдө Айеркен Саймаитини жана айрым журналисттерди бир нече жолу өлтүрүп кетебиз деп коркутушканы тууралуу айтылган. Журналисттик иликтөөнүн бул бөлүгү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Өлтүрүүгө аракет кылган” беренеси боюнча катталды. Башкы прокуратура бул ишти иликтөө үчүн ИИМге өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштү Башкы прокуратура көзөмөлгө алат. 

Эске салсак, 21-ноябрда "Азаттык", OCCRP жана Kloop агенттиктеринде уйгур мультмиллионер Хабибула Абдукадыр катышкан делген Кыргызстандын бажы кызматындагы жемкорлук тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган. Бул иликтөөдө Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин, бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган. Иликтөөдө Айеркен Саймаити Кыргызстандан мыйзамсыз 700 млн доллар алып чыгып кеткени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости