www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Каныбек агай, Акаев, Бакиевдей болуп, Жээнбеков деле "Биримдик" деген партия түзгөнү айтыла баштады. Булардын мындай аракети эски доорду эске салбайбы?

-Эске салат! Болгондо дагы эң аянычтуу тагдырларын эске салып жатат. Өткөндөн сабак алышпайт экен да! Азыр заман такыр башка. Бийлик жасалма жол менен тузгөн партия ошол эле бийликтин өзүнүн түбүнө жетип коюшу мүмкүн. Анткени, андай партияга жалаң гана акыйкаттыктан качкан чиновниктер менен уурулук кылган «бизнесмендер» жазылып алышат. Улам эле тырмоочту басып алып чекелерин каната беришпесинчи.

-Президент максат кылган коррупциялык күрөш максатына жеттиби же өч алуу айлампасынан өйдө боло албай калдыбы?

- Коррупцияга каршы күрөш башталганы менен аксап, элдин күткөн натыйжасын бере албай койду. Проформа үчүн эле бир нече саясий пикири каршы келип калган адамдарга карата кылмыш иштери козголумуш болду. Дагы бир нечесинин мурдагы мыйзамдуу жабылган иштерин кайра жандандырышты. ЖЭБ, бандит канкор Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши, Тарых музейи, Датка-Кемин электр чубалгылар долбоорлору, Түндүк-Түштүк алътернативалуу автомобиль жолу, жана башка резонанстуу кылмыш иштери козголуп барып, түтөп өчүп бара жаткандай болуп туруп калды. Сот прокурорлор дагы эле мурдагыдай өзүм-билемдик менен "иштеп киришти". Миллиарддаган акчалар коррупциялык жол менен желип кеткенин айтканыбыз менен алардын казынага кайтарылуу өлчөмү өтө эле аз санда болду. Эми айласы мукураган эл Президентке үмүт артып турат. Ушундай экономикалык жактан эңшерилип, социалдык саясатыбыз өчөйүп, коомубуз курч кризисттик абалга кептелген учурда 2020-жылкы парламенттик шайлоого чамынып туруп калдык. Эми кандай болоор экен деп көп ойлоном.

-Бул шайлоодо көп саясатчылардын башын катырган чектер алынабы же баштагыдай эле капчыктууларга басым жасалабы?

- Чечкиндүүлүк менен шайлоонун жасалма босоголорун алып салып, элге жүзү жарык барышабы же дагы адаттагыдай эле күчкө салып, жалаң ууру-кески, кызыл-кулак соодагер, базарком менен бензин саткыч жасакерлердин парламентин кабыл алышабы деп мен да көп ойлонуп кыжаалат болчу болдум. Анткени, андай болсо, эл кандай реакция жасайт деген да суроо ачык бойдон турат. Шоркелдей элим, белди бекем бууп, өзүңүн Жараткан жана табият тартуулаган укугуңду бүжүрөбөй, жалтактабай коргоп калаар бекенсиң деп каңырыгым түтөйт.

-Матраимовдордун аты менен коомчулукка белгилүү болгон Айеркен Саймаитини өлтүргөндөрдүн бирөөсүндө Кыргызстандын паспорту чыкты. Бул нерсе эмнени каңкуулайт?

-Анын өлүмүнө кыргызстандыктардын тиешеси бар же жок экенин ошол түрк бийлиги далилдеп коюшу мүмкүн. Анткени, алар тергөөнү адилет жүргүзүшөт. Киллер болуп жалдангандар Кыргызстандын жарандык паспортторун алып жүрүшкөндүктөрүнүн өзү эле эмне деген шумдук? Буга кимдир бирөө жооп бериши керек да, акыры.

-Электр энергиясындагы маселе эски доорду эске салбайбы?

-Электр энергиясын үнөмдөө максатындагы лимитти унута түшкөнүбүздө дагы кайдан киргизип жатышат? Түшүнүксүз! Андан көрө энергетикадагы «ширшовдук коррупциялык схеманы» жоюшпайбы? Эмне ал жосунсуз жорук азыркыларга дагы жагып жатабы? Анда иштин бүткөнү. Элдин нааразычылыгы дагы күчөйт экен да! Мурдагы президент «биз толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик !» -деп жар салбады беле? Жалган экен да? Саясый бийлик мындай авантюрага барбашы керек. Эл ансыз деле жакырчылыктын каардуу чеңгелине батып бара жатат! - деп билдирди профессор К.Осмоналиев "Ачык саясат плюс" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости