www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгүн жана өлүмүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөндүгү маалым болгон. Ал комиссияга ар бир фракциядан өкүлдөр тандалып, анын курамына КСДПдан Искендер Матраимов дагы кирген болчу.
Бүгүн Искендер Матраимов журналисттердин иликтөөсүнөн кийин, Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгү жана өлүмүн иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккандыгын жаңы ачкан Фейсбук баракчасынан маалымдады. Ал муну комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганын билдирди.
-Жакында Түркияда каза болгон Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тууралуу түрдүү сөздөр, ушак-айыӊдар айтылып келе жатканын билесиздер. Анын ишмердиги аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир-нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айеркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр”-деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем - , деп билдирүү калтырган Искендер Матраимов.
Булак: NazarNews.kg