www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27 жаштагы продюсер, журналист Айгерим Мусаеванын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды. Алматы полициясынын билдирүүсүндө журналисттин өлүмүнө себепкер “тепловоз” болгон. Журналисттин жанында эч бир документ болбогондуктан анын өздүгүн аныктоо кыйынчылыкка турган.
Белгилей кетсек журналист үйүнөн үй-бүлөлүк чыр чатактан улам чыгып кеткен. Анын жанында эч бир документ же уюлдук телефон болгон эмес.
Журналисттин жоголуп кеткендигин анын жолдошу окуя болоордон бир аз убакыт мурун полиция кызматкерлерине кабарлаган. Журналисттин өлүгүн анын бир тууганы өлүкканадан тааныган. Учурда кылмыш иши козголуп иш тергөөдө.
Эске сала кетсек, 20-октябрда казакстандык журналист, продюсер Айгерим Мусаеванын жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат интернетке тарап кеткен эле.
Кийинирээк анын өлүмү тууралуу маалымат тараган.
Айгерим Мусаева "Hit tv" телекомпаниясында продюсер болуп иштеген.
Мындан сырткары 27 жаштагы журналисттин аркасында эки бойго жете элек балдары калды.
Булак: NazarNews.kg