www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайбек Масабиров деген мыкты депутатыбыз бар. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү баары төп келишет эми. Спорт жагынан да кыйын. Мактачу сөздү жаза берсең жарашат. Бирок, кечээ күнү парламентте мактаган Масабиров карыялар үйлөрүн жетим балдар үйлөрү менен аралаштырып, башкача айтканда, бири-бирин багып, карашып, сооротуп, жасалма үй-бүлө курууну сунуштады. Мындай ойлор буга чейин эле көп айтылып келген. Жөнөкөй адамдар айтса бир жөн. Бул тармакты билбесе, карыялар үйүнө кадам таштап барбаса айта берет демекпиз. Ушул сөздү айтам деген Масабиров өмүрүндө карыялар үйлөрүндө болбогонун билдирип койбодубу.

Мурунку бажычы каяктан билсин, карыялар үйлөрүндө кароосуз калган кембагалдардан тышкары көбүнчөсү өмүр бою арак ичкен, түрмөдө отурган, психикалык жактан соо эместер негизги контингентти түзөөрүн. Ошолордун жанына депутаттар өздөрүнүн балдарын жолотот беле? Анан эмнеге жетим балдарды тапшыргысы келип турат? Наристе балдар кандай зордук-зомбулукка дуушар болоорун ким ойлонушу керек?

Мындай сунушту биздин өкмөт четке кагып, Масабиров сыяктуу капчыгы калың депутаттарды ошол жетимдер үйлөрүндө тарбияланып жаткан чүрпөлөрдү өз үйүнө асырап алууга үндөш керек. Бала багып алса биздин чиренген байларыбыз, заматта жетимдер үйлөрү дагы жабылат.

Бул сунушка кандай дейсиңер?

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости