www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жусупбек мырза, эл өкүлдөрүнүн ичинен шаар базарын кыдыргандар чанда кезигет...

- Ош базарына таңда, күн чыга электе, болжол менен саат 6 менен 7нин ортосунда бардым. Атайын жөө чыгып, карапайым эл кандай тирлик өткөрүп атат, соода-сатыгы ойдогудайбы, товарлар арзанбы же кымбатпы, анын ичинде азык-түлүктүн акыбалы кантип атат (?) деген максатта кыдырып чыктым. Анын арасында калкка эң бир керектүү, ар күн сайын колдонулуучу азыктардан нан, чай, суумай, макарон, эт жана башкалардын баасы канча болуп атканынан кабар алдым. Бир четинен нандын түркүн түрлөрү, ошого жараша ар кандай сорттогу, аталыштагы токочтордун жыйылып турганы купулума толду. Токчулуктун белгиси катары сыпаттадым. Экинчи маселе...

- Ошо экинчи маселесин айтыңыз, опурталдуубу?

- Эми кандай десем, ошо сиз айткан опурталдуу жагы бар. Биздин мамлекет агрардык мамлекет. Азык-түлүк продукцияларынын 90 пайызын өзүбүз өндүрүшүбүз керек болчу. Тилекке каршы, миңдеген гектар жерлерибиз иштелбей жатат. Сууларыбызды өзүбүз колдонбостон башка мамлекетке агылууда. Ал мамлекеттер өнүгүпөсүүнүн жолунда. Агрардык жактан кыйла эле аксап атабыз. Ушу жагы опурталдуу болуп аткансыйт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости