www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жусупбек мырза, чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору коомчулукка түшүнүксүз болуп калды. Сиз аны кайра чакыртып алдыңызбы, же ал долбоорго сиздин тийешеңиз жокпу?

-Биз эки-үч мыйзам сунуштаганбыз. Азия оюндарынан же опмпиададан утуп келген спортчуларыбызга, алардын машыктыруучуларына бюджеттен акча бөлүүнү мыйзам жагынан бекитүү боюнча сунушту мен бергем. Аны билем. Экинчиси, депутаттар аткарруу бийлигине суроо-талап койгондо ага жооп берүү мөөнөтү бир ай болчу, жумуш батыраак жылышы үчүн ошону 14 күнгө кыскартууну сунуштагам. Ал эми Эмгек өргүүсүн узартуу боюнча долбоор мага белгисиз. Юристтер адашып беришкен окшойт. Дагы бир жолу айтайын, ага менин тийешем жок.

- Эгер башка бирөөлөр тарабынан ошондой долбоор сунушталса, сиз колдойт белеңиз?

- Майда кызматтагы мамлекеттик чиновниктерди айта албайм, бирак чоң кызматтагылардын баары иштеши керек. Кабинетине раскладушка коюп алып, түндөп иштей турган заман болуп жатат да. Чиновниктер антип бир жарым айлап эс ала турган учур эмес...

Булак: Азия News гезити

Последние новости