www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Корганбай уулу өзүнүн парламентте айткандары боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Мен бул жактык эмесмин, оо Эл журт!! (Юмор) Ынтымак болсок, сын менен кошо жасалып жаткан жакшы иштерди да айткыла дедим 2- июнь күн өткөн сессияда. Парламенттеги ызы-чуу бул демократиянын бар экенин белгиси. Түркменистан же Түндүк Корея болуп кеткен жерибиз жок!! Подхалимдер, Пахтакорлор алар башка категориядагы адамдар, дайыма жандарында суу куюп жүрүшү ыктымал. Мен болгону ынтымакка жана Ташиевдин кылган жакшы иштерин да айткыла дедим. Бардык адамда плюс минус жактары болот!!», - деп жазган депутат.

Эске салсак, депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди мактаган.

«Ал киши (Камчыбек Ташиев) кыргыз элинин ишенген генералы. Депутаттардын үчтөн бири Ташиевдин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар. Айрымдар ага теңелип, эртең «буттары сынып калбасын». УКМКнын да жакшы иштерин айтышыбыз керек.

Бюджеттен бир сом кетирбей, 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн жаңыдан куруп, оңдоодон өткөрүп жатышат. «Байрактар» аскердик техникасын алып келгенин эмнеге айтпайсыңар? Коопсуздук жагын катуу көзөмөлдөп жатышат. Карап отурсам, сындаганга өтүп алдыңар», — деп айткан депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости