www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Саратов облусундагы Энгельс шаарындагы №13 түзөтүү колониясында 185 соттолуучу кыйноо болуп жатканына даттанды. Алар - мекемеге укук коргоочулар кирип чыккандан кийин сабалган. Бул тууралуу "Интерфакс" аймактык коомдук байкоочу комиссиянын төрагасы Денис Соболевго шилтеме берүү менен билдирди. 182 соттолуучу өз катында колониянын ичинде сабалганын, дагы үчөө кургак учук ооруканасында кыйноо көргөнүн жазган.

Буга чейин №13 түзөтүү колониясындагы жана облустук кургак учук ооруканасындагы 400дөй соттолуучу зордук-зомбулук, ур-токмок жана опузалап акча талап кылууга кабылганын билдирген. 20-октябрда абактын аймагында соттолуучулар мушташкан. Тергөө комитети “мекеме администрациясына жардам көрсөткөнү үчүн өч алуу максатында” сегиз соттолуучу башка он соттолуучуну сабап таштаганын маалымдаган. Мушташты токтотууга аракет жасаган делген колониянын эки кызматкери жабыркаган. Үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин чет өлкөдөгү Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Саратов түрмөлөрүндө кыйноого алынып, кордолгондор тартылган "жашыруун" видеоархив колуна тийгенин билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары зордук-зомбулукту чагылдырган видео тасманын бир бөлүгүн жарыялаган.

Орусиянын Тергөө комитети интернетке чыккан Саратовдогу түрмөдө отургандарга жасалган зордук-зомбулук факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул үрөй учурган видео интернетке чыккан соң, Жаза аткаруу федералдык кызматынын Саратов облустук башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Алексей Федотов кызматынан кеткени белгилүү болгон.

Кийинчерээк Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен Ички иштер министрлиги Gulagu.net долбооруна түрмөдөгү кыйноолор боюнча маалымат берген Сергей Савельевге издөө жарыялаган. Программист кызматтык сыр камтылган маалыматтарды ачыкка чыгарган деп айыпталууда. Азыр Савельев Францияда, ага саясий башпаанек берүү маселеси каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости