www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги быйыл өлкөгө кирген орусиялыктардын санын жарыялады.

Өлкө ИИМинин маалыматына караганда, январдан сентябрга чейин Өзбекстанга 318 156 жаран кирген. Алардын көбү июль-сентябрь айларына туура келет.

Өзбекстанга кирген орусиялыктардын саны реалдуу түрдө мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Себеби Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин – октябрда да чет жактарга чыгып кеткен орусиялыктардын аягы тыйылган эмес.

Өзбекстандын Сатитистика комитетинин маалыматына караганда, Орусиядан келген туристтердин саны январь-сентябрда былтыркы жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 2,1 эсеге көбөйгөн.

Forbes басылмасы октябрдын башында Украинада согуш башталгандан бери 700 миңдей орусиялык өлкөсүнөн чыгып кеткенин маалымдаган. Орусия менен визасыз өлкөлөрдүн ичинен эң эле популярдуу багыт катары Грузия, Армения жана Казакстан аталган. Орусиянын азиялык бөлүгүнүн жашоочулары Өзбекстан менен Монголияга кеткени да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости