www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри менен Түркиянын Элчиси жарандарды дарылоо жана медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары белгиленип, анын алкагында Кыргызстан жарандары Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку квалификациялуу медициналык жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Тараптар ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап ата мекендик адистерди Түркия Республикасынын алдыңкы клиникаларында 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө стажировкадан өткөрүү программаларын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Стажировкага жөнөтүлө турган адистердин тизмеси буга чейин түзүлүп, жакынкы аралыкта түрк тарапка жөнөтүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары, органдарды трансплантациялоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасынын базасында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз Республикасы Түркия Республикасы менен өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өзгөчө медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жарандардын жогорку технологиялуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү багыттарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

Последние новости