www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Бектурсун Дыканбаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары, бөлүм башчылар жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Күн тартибинде жалпы 4 маселе каралып, 2025-жылдын жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган милдеттер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, министрликтин борбордук аппаратынын узап кеткен жыл ичиндеги жалпы иштери, аткаруу тартиби, жарандардын кайрылуулары тууралуу отчету угулду.
Коллегиянын соңунда жумушунда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге тартиптик жаза колдонуу маселелери каралды.
Жыйынтыгында министр Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасын койду.