www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-ноябрда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда биринчи Элдик курултай өттү. Ага Президент Садыр Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана жети дубандан шайланып келген делегаттар катышууда. Мамлекеттик деңгээлдеги биринчи Элдик курултайга миңден ашуун делегаттар катышты. Курултайдын жүрүшүндө катышуучулар өз аймагындагы орчундуу маселеллерди ортого салды. Белгилей кетсек, Элдик курултай 26-ноябрга чейин уланмакчы.

Биринчи элдик курултайга делегат болуп келген саясатчы Жылдызкан Жолдошова бийликтин ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды:

"Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде "монстрга" айланат экен. Ошондуктан биздин өлкө парламенттик башкарууга өтүүсү зарыл", - деди Жолдошева.

Экс-депутат аталган маселеден сырткары дагы бир нече көйгөйлөрдү көтөрүп, кен байлыктар тууралуу сөз кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости