www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи бөбөктүн сөөгү табылды

Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.

 Жыргалаң суусуна түшүп кеткен К.М. аттуу жети жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-майда, куткаруучулар наристени Дача тилкесиндеги көлдүн жээгинен 500 метр алыстыктагы суунун ичинен табышкан. Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.

Эске салсак, 18-майдан бери аталган суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы Дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Биринин сөөгү табылып, экинчиси изделип жаткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости