www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан "кутту", болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар. Бул тууралуу пикирин мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.
Ага кошумча, "Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан "кутту", болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар. Мен, кыргыздын үч чыгаан уулдарына, үч доско, үч лидердин замандашы, партиялаш коллегасы, эжеси, ошондой эле алардын басып өткөн жолдоруна күбө катары бир насаатымды инилериме айтып коюну чечтим. Садыр, Ахматбек, Камчы, Сиздерге кут үч жолу келген: 1-си 2007-жылы, 2-си 2010-жылы, 3-сү 2020-жылы. 2010-жылы келген "кутту", Сиздердин оппоненттериңер атайын "чагымчыл" иштерди жасашканда, кечиресиздер Сиздер ошол "чагымчыл" иштерге туруштук бере албай, ынтымагыңар "ыдырап" кутуңарды учуруп алгансыңар...аттиң.
Азыр да Сиздердин, ачык эле айтайын душмандарыңар ошол эле "ыкманы" колдонуп жатышат, а Сиздер ошол "ыкмага" баш ийбей ынтымагыңарды бекемдегиле. Анткени артыңарда Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин, кыргыз элинин тагдыры турат. Жоопкерчиликти сезгиле, "кутту" учуруп албагыла. Элиңердин "ишенимин" жана " үмүтүн" актагыла деп, эжеңер Жылдызкан Жолдошева", - деди экс-депутат.
Булак: NazarNews.kg