www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Таблиги жамаат" кыймылынын идеологиясынын өзөгү Пакистанда. Мындай пикирди белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов айтты.   

--“Диний фундаменталисттердин баш көтөрүшү дүйнөдө диний негизде мамлекет курган күчтөрдүн жеңиши көп учурда ошондой эле моделди жактаган башка да кыймылдарды жандандырышы ыктымал.

Кыргызстанда кеңири тамыр жайган "Таблиги жамаат" кыймылынын идеологиясы Бишкектен башкарылбайт. Анын өзөгү Пакистанда. Пакистан болсо Ооганстандагы талибдерди такай каржылап, өз максатына пайдаланып келген мамлекет катары белгилүү.

Демек мамлекет муфтият менен тыгыз иш алып барып, ар кандай тескери тенденциялардын алдын албаса көзөмөлдөн тышкары түрдүү процесстер башталып кетиши мүмкүн. Диний негизде түзүлгөн партиялар жоюлуп, каттоосу жокко чыгарылышы керек. УКМК жана ИИМдин тиешелүү түзүмдөрү жер-жерлердеги диний үгүт кандай мааниде жүрүп жатканын мурдагыдан да жакшыраак байкап, кооптуу жагдай болсо дароо чара көрө турган учур келди", - дейт журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости