www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болду.
28-февралда Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде 44 жаштагы Ш.Р. өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. Окуя болгон жерге милиция жана тез жардам кызматы чакырылган. Дарыгерлер аны жандандыруу бөлүмүнө жаткырган, бейтаптын денесинин 75%ы күйүп калган.
Кечээ, 1-мартка караган түнү Ш.Р. көз жумду. Маркум Талас облусунун тургуну экени жана анын үй-жайы жок болгону аныкталды. Буга чейин соттолуп, жаза өтөп чыкканы, «Метадон» синтетикалык дарысын колдонуп жүргөнү белгилүү болду. Алдын ала маалымат боюнча, маркум турак жай көйгөйүнөн улам өзүн өрттөп жиберген.
Булак: NazarNews.kg