www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну О.А.Б. аттуу жаран облустун аймагынан кармалган.

 Алынган маалыматтарга караганда, "Instagram" социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы "ТАЛАСТЫН СМОТРЯЩИЙ БАЛАСЫ" аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Весь Кыргызстанды кармагым келет.... бироо кынк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.

 Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган О.А.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана «кылмыш дүйнөсүнүн» идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

"Бүгүнкү күндө Талас облусунда “смотрящие”, “положенцы” дегендер жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок; эгерде алар аныкталса, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде катаал чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости