www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган чет элдик кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Азербайжандын жараны А.С. (каймана аты "Сахаб") кармалды.

Шектүү өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жарандардын ишенимине кирген. Ал СИЗО-1де камакта жаткан адамды "актап берем" деп, алдоо жолу менен 24 100 доллар жана 100 миң сомун ээлеп алган.

Мындан тышкары, Вьетнамдан жумушчуларды алып келип берем деген шылтоо менен дагы бир ишкерден 14 миң доллар алып, изин сууткан.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК аталган А.С. аттуу жарандын аракеттеринен жабыркаган башка жарандар болсо, Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 88 83 52 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Последние новости