www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында «Кыргызфармация» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап, «Золгенсма» дарысын алган Аруузатка дары жардам бербегенин айткан.
«Золгенсма» сайышкан. Сайгандан кийин дары жардам бербеген себептен, «Рисдиплам» дарысына өтүшкөн. Азыркы учурда Аруузат «Рисдиплам» менен өзүн жакшы сезип келе жатат»,- деген.
Бул айткандар боюнча Аруузаттын апасы үн катып, жалган маалымат экенин билдирди. «Биз мамлекеттен «Рисдиплам» алган эмеспиз жана албай эле келе жатабыз. Ооба, Аруузатка «Рисдиплам» берилген, бирок акча чогултулуп, уколду күтүп жаткан учур болчу. Бирок ал дарыны да жарандардан чогултулган акчага алганбыз. Азыр «Рисдиплам» менен 8 бала камсыз болот экен. Кезекте 20дан ашык бала турат экен. Биз 8 баланын ичине кирбейбиз. Себеби, биз «Золгенсма» уколун алдык. Өлкөнүн алдында туруп алып, укол жардам берген эмес дегенин угуу оор болду. Мен дайыма айтам, укол оорунун өөрчүп кетпешине жардам берди. Укол ошого гана жардам берет. Кызым укол алган соң, палатадан басып чыгат деп эч ким айткан эмес»,- деди ал.
Ал ошондой эле баасы 5 миң доллар турган «Рисдипламды» өмүр бою сатып алуу керектигин, ал 2 жумага гана жардам берерин айтып, «2 жума сайын 5 миң долларга «Рисдиплам» алган жакшыбы же 170 миллион сомго бир жолу «Золгенсма» алган жакшыбы?»,- деди.