www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы облусунда үч жашар наристелердин зордукталганы боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Шектүүнүн апасы эки кыз анын өгөй неберелери экенин айтат. Белгилүү болгондой, кылмышкер делген адам жана анын жубайы кармалган. Жабыркаган эгиз кыздар азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө, алар менен психологдор иш алып барып жатканын казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул коркунучтуу кылмыш Алматы облусундагы бүтүндөй бир айылды дүрбөлөңгө салган. Эгиз кыздар зордукталган үйдөн жергиликтүү тургундар айланып өтүшөт. Азыр кошуналар балдарын сыртка чыгаруудан коркуп калышкан. Коңшуларынын айтымында, үйдүн 40 жаштагы ээси бир нече жыл мурун үйлөнгөн. Таксист болуп иштейт. Зордукталган кыздар аялынын неберелери. Алар кээде чоң ата-чоң энесинин үйүнө барып турушкан.

Окуя болгон үйдүн аймагы жарым-жартылай курчоого алынган. Шектүүнүн апасынын айтымында, неберелерин чоң энеси өзү алып келген. Ал ошол күнү мас болгон жана кылмыш болгондон кийин апасына телефон чалып, эмне кылганын айткан.

"Түндө балдар зордукталды деп уктук. Коңшулар ызы-чуу болуп жатышты. Милиция, тез жардам кызматкерлери келишти. Үй-бүлө ичимдик ичет деп уктум", - деп эскерет кошунасы Гүлназ Нурпазилова.

Окуядан кийин шектүүнүн апасынын көз жашы тыйылбайт. Ал келинин көп жактырбаганын айтат. Улгайган аял баласы кээде ичкенин мойнуна алат. Анын айтымында, кылмыш болгон учурда келини жанында болгон жана баарын көргөн.

«Мен андан: «Башкалардын балдары менен аралашпа. Аларга жакындаба" деп сурангам. Уулум бармактарын салып жибергенин мойнуна алды. Ал кыздарды аялы өзү алып келип салып бергенин айтып жатат. Мас экен. Жүрөгүм ооруп жатат. Эми кылган иши үчүн жооп берсин. Мен андай жаман баланы чоңойткон эмесмин. Мен ага баарын бердим: үй, унаа... Эмнеге мындай кылганын түшүнбөйм», - дейт шектүүнүн апасы.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү кыздардын бири жайында, экинчисин бир нече күн мурун зордуктаган. Жабырлануучуларды апасы ооруканага алып барган.

"Шектүү менен бирге анын жубайы, эгиз кыздардын чоң энеси кармалды. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция "Жашы жете элек кызды зордуктоо" беренесинин негизинде иш козгоп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн күүнөөсү далилденсе, ал 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, эгиз кыздардын зордукталгандыгы 3-октябрда белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости