www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызды Бишкектеги жеке мектептердин бирине окутуу сунушу каралууда. Бул тууралуу өспүрүмгө жардам көрсөтүү боюнча акциянын демилгечиси, журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков билдирди.
Анын айтымында, акция жарыяланган үч күн ичинде 682 миң сомдон ашык каражат чогулду. Ага өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары аны шаардагы сапаттуу билим берген жеке мектептердин бирине которуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Акция азыр да уланууда.
2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган.
Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган.
Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.
Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери үч жолу башка күнгө жылды. 8-июлда жараян жабык өтүп, жабыркаган тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен кийинки сот 12-июлга белгиленди.
Жабыркагандардын жактоочулары алмашкандыктан иш менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.
Булак: NazarNews.kg