www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 30 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);
- Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);
- Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 103 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 461 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 62 206 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 45,59% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 575 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35% түздү. 13 631 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 9,99% түздү.
№ 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жайлообаев Айбек Токтогонович – 1 936 добуш (3,14 %);
2. Сыдыков Мурадил Жанышбекович – 10 422 добуш (16,9 %);
3. Куленбеков Ырысбек Кырманчиевич – 255 добуш (0,41 %);
4. Нурдинов Бейшеналы – 2 474 добуш (4,01 %);
5. Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);
6. Самыйкожо Мирлан – 5 724 добуш (9,28 %);
7. Мыктыбекова Айдана Мыктыбековна – 363 добуш (0,59 %);
8. Капаров Чынгыз Капарович – 544 добуш (0,88 %);
9. Осмоналиева Ханзада Исаковна – 2 383 добуш (3,86 %);
10. Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);
11. Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич – 2 164 добуш (3,51 %);
12. Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна – 1 003 добуш (1,63 %);
13. Жумаканов Мустафа Бейшебаевич – 1 470 добуш (2,38 %);
14. Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %);
15. “Баарына каршы” – 942 добуш (1,53%).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 9 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Самаков Кубанычбек Карганбекович, Бакасов Улан Болотбекович жана Таалайбек кызы Жылдыз таанылды.