www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

05.05.20га карата аба ырайы тууралуу маалымат

5-майда эртең менен жана күндүз республика боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18…+23, Талас менен Нарында +16…+21, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +20…+25 жана Ысык-Көлдө +17…+22 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү жана Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +21…+23 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +23…+25 градуска дейре жетет.

Ошондой эле, жыл сайын 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституция күнү белгиленет. Ал 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости