www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын жарандары паникага алдырып, дарыканалардан вируска каршы жана иммунитетти көтөрчү дары-дармектерди талап жатканын тажик басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, эл вируска каршы, иммунитетти көтөрчү, дене табын түшүрчү, какырык чыгарчу дарыларды жана антибиотиктерди бир нече күндүн ичинде сатып алган. Дары-дармектин кийинки партиясы келе элек.

Ошондой эле, айрым шаарларда медициналык препараттардын баасы төрт эсе көтөрүлүп кеткени айтылууда.

Акыркы маалыматтарга таянсак, бир суткада вируска 102 киши кабылып, оорулуулардын жалпы саны 230га жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости