www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Жогорку соту коррупцияга айыпталып жаткан өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жаңы өкмөттү курай алар-албасын аныктоо үчүн эки күндүк угууларды өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Эгер сот Нетаньяхуну колдобогон чечим чыгарса, өлкөдө 2019-жылдын апрелинен берки төртүнчү парламенттик шайлоо белгилениши мүмкүн.

Өткөн айда Нетаньяху менен анын башкы саясий атаандашы, «Кахоль-Лаван» блогунун төрагасы Бенни Ганц коалициялык өкмөт түзүү боюнча мунасага келген. Ага ылайык, бул эки саясатчы өкмөттү кезектешип жетектейт. 10 жылдан ашуун бийликте турган, учурда убактылуу өкмөттү жетектеген Нетаньяху жаңы министрлер кабинетин 18 ай башкарат. Андан кийин бул милдетти армиянын мурдагы жетекчиси Ганц аркалайт.

Бирок бир катар топтор, анын ичинде опопзициялык партиялар, өлкөдөгү демократияга көз салгандар Израилдин Жогорку сотуна кайрылышкан. Алар жогорудагы макулдашууну жокко чыгарып, Нетаньяхуга кылмыш иши козголгонун эске алып, ага жаңы өкмөт куруу укугун бербөөгө үндөгөн.

Жогору сот бул өтүнүч боюнча 7-майда чечим чыгарат деп күтүлүүдө.

Январда Нетаньяхуга «Пара алуу», «Алдамчылык» жана «Ишенимге кыянаттык кылуу» беренелери боюнча айып тагылган. Премьер-министр дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет. Бул иш боюнча алгачкы сот отуруму 24-майга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости