www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында чабандар ак илбирсти кармап алышты

Нарын районунун (Нарын облусу) Сары-Бел жайлоосунда 3-май күнү чабандар оорулуу ак илбирсти кармап алышты. Бул тууралуу эколог Рутбек Абдыраев билдирди.

"Анын эки көзү начар көрөт экен. Тиштери начар. Музоонун этин жебей койду. Ал Ысык-Көлдөгү реабилитациялык борборго жөнөтүлдү", - деди ал.

Учурда бул ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында жайгашкан реабилитациялык борбордо. Эми бул жаныбардын саламаттыгына атайын адистер көз салышат.

Ак илбирс - Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Аны аткандарга 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости