www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош шаардык мэриясындагы кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташты деп билдирет Турмуш басылмасы.

Бүгүн, 12-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, мэриядагы жогорку кызматтагы адамдар жана муниципалдык менчикти ижарага бөлүштүрүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү жеке ишкер менен имаратты 10 жылга ижарага берүү үчүн келишимин түзүшкөн. Ишкер айына 150 миң сом ижара акы төлөй турган болуп, бирок алгачкы 3 айдагы акыдан бошотулган. Бул келишим менен Ош шаардык кеңешинин токтому бузулду.

Мындай мыйзамсыз иштин кесепетинен мамлекеттин бюджетине 1 млн 650 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берене (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости