www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөтүнүн аталган чечими президенттин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Саламаттык сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50%га, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулатылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости