www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү соттор «бийлеп» турганда...

74 элиталык батир, 19 коммерциялык жай, 10 унаа токтотуучу жай, Бишкек шаарынын алтын аянты деп аталган жерде жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери. Кандай ойлойсуз, сөз бир олигарх жөнүндө болобу? Албетте, сиз ошондой деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок андай эмес. Бул болгону Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын катардагы судьясы Мира Жээнбекованын менчиги.

Бул Мира айым, кадимки эле саясатчы Равшан Жээнбековдун бир тууган эжеси. Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганда 340тан ашык мамлекеттик объектилер, анын ичинде бала бакчалар менчиктештирилип кеткенин билсеңиздер керек. Маалымат каражаттарында айтылгандай, ал өзү «Асыл-Таш» пансионатынын бир бөлүгүн менчиктештирип алган. Ошол кезде жээктеги 13 гектар жер 12,7 миллион сомго сатыкка коюлган. Реалдуу баалаганда ал жер ошол кезде 74,9 миллион сом болмок.   

Кийинчерээк Мамлекеттик мүлк комитетинин имаратын оңдоп-түзөө иштеринде бааны жогору койгону үчүн кылмыш иши козголуп, ал тургай Интерпол аркылуу издөөгө алынган. 2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жээнбековдун 2003-жылдагы Кумтөр келишимине жана Саруу айылындагы алтын кенине байланыштуу башаламандыкка түздөн-түз тиешеси бар деген. Оппозиционер Равшан Жээнбеков убагында Алмазбек Атамбаевди колдогон көптөгөн митингдерге катышып, кийин 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясынын негизги катышуучуларынын бири болуп калган. Ал Кой-Таш окуясына байланыштуу 2020-жылдын 5-октябрына чейин түрмөдө отурган. Ага «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Бийликти күч менен басып алуу» сыяктуу жети оор жана өзгөчө оор берене боюнча айып тагылган.

Эми анын бир тууган эжеси Кыргызстандагы соттук реформанын чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Бир-эки жыл мурун ЖМК менен жолугушууда Кыргызстандын Жогорку Сотунун төрагасы Гүлбара Калиева бүгүнкү күндө судьялардын айлыгы 25 миңден 35 миң сомго чейин экендигин, Жогорку сотунун судьялары 45 миңден 50 миң сомго чейин ала тургандыгын айткан. Элиталык үйдөгү бир бөлмөлүү батирдин баасы болсо 2,5 миллион сом экендигин эске алганда, аларды кызылдай эмгек акысына алды деген вариант суу кечпей калат.

Баса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Гүлбар Калиеванын өзүнө дагы «Жергиликтүү сот» Автоматташтырылган системасын иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке 1 миллион 211 миң сом зыян келтирилген. Ал тургай жеке компанияга маалымат базаларына кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берилип кетип, мамлекеттик коопсуздукка да зыян келтирилген. Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берип, ага байланыштуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке анын ыйгарым укуктарын токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган.

Чынын айтканда, бул кырдаалда Садыр Жапаровго гана бооруң ооруйт. Ага эми сот реформасын кайрадан баштоого жана соттордун катарын тазалоого туура келет. Себеби коррупциялашкан чиновниктерге жарыялаган согушта акыркы чечимди кайра эле ушундай «чириген» соттор кабыл алышы керек болот. Сот реформасын жүргүзүү үчүн башка мамлекеттерден грант суроого аргасыз болот.

Кыргызстанда сот реформасы 2010-жылдан бери жүрүп жатат. 2014-жылы «Кыргызстанда мыйзамдуулуктун чыңдалышына көмөк көрсөтүү» долбооруна 13 миллион 260 миң евро бөлүнгөн. Ал дал ушул соттор үчүн автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууга жумшалган. ЕК 2017-жылы дагы ушундай эле суммадагы акча бөлгөн. Жалпысынан европалыктар эле 26 миллион евро салган!

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы сот реформасын жүзөгө ашыруу үчүн салык төлөөчүлөрдүн акчасынан 965 млн сом, 2016-жылы 1,2 млрд, 2017-жылы 1,3 млрд бөлүнгөн. Бул сумма жылдан жылга көбөйтүлүп отуруп, 2018-жылы 1,6 млрд сомго чыкса, 2019-жылы - эки миллиарддан ашты.

Ушундай акчалардын коротулуп жатканына карабастан, «бир орунда эле турат». 2017-19-жылдары Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 190 судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартты. Анын он төртүнө гана өкүм чыгарылып, калгандары эскертүү алуу менен чыгып кетишти. 11 судья сот жообуна тартылса, анын ичинен алтоо мурунку соттор.

«Мен сенин энең менен кездешкенде» ситкомунда мындай диалог бар:

- Эмне? Биз ант берип жатабыз.

- Жок. Ант деген эмне экенин билесиңби?

- Ооба. Бул сот имараты. Биз болсо анын чатырынын астында турабыз.

«Сот реформасы» деп аталган жылдары өлкөбүз соттордун толук кыйроосунда калганы көрүнүп турат. Алардын кээ бирөөлөрүнүн санына караганда, алар акыйкаттыкты өздөрүнүн олуттуу камкордугуна алышкан. Бардыгы бүтө элек деген ой гана көңүл жубатат. УКМК дагы Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Мира Жээнбековага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз баюу» боюнча 323-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости