www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен вице-премьер-министр Акылбек Жапаров, «Кумтөр Оперейтинг Компаниси» болуп, «Жаңы шарттагы Кумтөр кени боюнча долбоор» деген келишим түзүшүп, аны 24-апрель 2009-жылы макулдашып, кол коюшат. Бул макулдашууда Кыргызстандын алтындан саткан үлүшү болгону 13%ды эле түзүп калганына карабай, 30-апрель 2009-жылы мамлекетке чыккынчылык кылышып, парламенттен ратификациядан өткөрүп беришкен. Мына ошондон бери мамлекет алтынды саткандан кийинки кирешеден 13% гана алып келебиз.

А дүйнөлүк практикада 60-70% алышат. Мына ушундай коварный келишимди түзгөнгө катыштыгы бар кишини президентибиз Садыр Жапаров Кумтөр кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиясын жетекчиси кылып, Акылбек Жапаровго ишеним артып койгону - карышкырга кой кайтартып койгондой эле болуп калды.

Же «Садыр Жапаров абактан чыккандан кийин журналисттерге берген маегиндеги «Кумтөрдө алтын калбай калыптыр» деген сөзүн ырасташ үчүн Акылбек Жапаровду койгонбу?» деген дагы ой туулат. Себеби, Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров «чү» дегенде эле тескери кетип атканын кечээ күнкү комиссиянын отуруму ачык-айкын кергөзүп тургансыйт.

Болбосо, депутаттар өздөрү Акылбек Жапаровго нааразычылыктарын билдирип жатпайбы, «эмне үчүн биз «Камеконун» 1997-жылдан берки ишмердүүлүгүн карабайбыз?» деп. Президент Садыр Жапаровго жана мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаровго акыйкат суроо депутаттарда жана элде дагы жаралып жатат. Мындай үстүртөдөн кетип жаткан текшерүүдө биздин чиновниктердин Кумтөрдөн канча пайыз үлүш алып жүргөндөрү жабылуу бойдон калганы турат. А түгүл канча алтын калганы такталбай жатканы дагы күмөн жаратууда.

Айталы, Базарбай Мамбетовду, Кубанычбек Исабековдорду эмне үчүн эксперт катары чакырышпайт? 2009-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандын атынан Кумтөр кени боюнча директорлор кеңешине мүчө болушкан Калыйнур Садыров, Нурлан Кыштобаев, Карыбек Ибраев сыяктуу учурунда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир дагы ооз ачпаган, таламын талашып көрбөгөн эргулдардан акыл сурап, эксперт кылып отуруунун кандай зарылчылыгы бар эле? Мынча болду, Амангелди Муралиевди дагы эксперт кылып алышса болмок экен.

Дегенибиз, эксперт катары чакыртып алып иштетип жатканына каршы чыккан депутат Өмүрбек Бакиров чырылдап айтып жатса, кулак сыртынан кетирип, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегенчелик кылып жаткандай. Депутат Өмүрбек Бакиров туура айтат, ушунча жылдан бери Күмтөр кенине мамлекеттин атынан директорлор кеңешинин мүчөсү болуп алышып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргошпой, куурай башын сындырышпаса, булардын кыймыл аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилиши керек.

Акылбек Жапаров жетектеген комиссия Кумтөр кениндеги башаламандыкты үстүртөдөн текшерип, болгону «алтынга баа өскөнүнө байланыштуу кошумча киреше салыгын көбөйттүк, суу ресурсун колдонгону үчүн дагы салык киргиздик» деп жоону чаап келгенсип президент Садыр Жапаровго рапорт берип келбесе болду! Бирок Акылбек Жапаров жетектеген комиссия ийне-жибине чейин иликтейт дегенге эл ишенбей туру. Мындай чоң иште президентибиз Садыр Жапаровдун кайдыгер карап турганы кандай?

Булак: Азия News гезити

Последние новости