www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусу ТИКА уюму менен кызматташуу пландарын талкуулады

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев Түркия мамлекетинин ТИКА фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Осмон Уста менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү, туризм жаатында кызматташуу пландарын талкуулашты. Өзгөчө чек аралаш аймактардын инфраструктурасын чыңдоо жана аймакты санариптештирүү багытында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле Баткен облусунда ТИКА уюмунун атайын өкүлчүлүгүн ачуу, координациялык кеңеш түзүү маселелери каралып, бул багытта иш алып баруучу адистердин Түркия мамлекетинде тажрыйба алмашуусу макулдашылды.

Белгилей кетсек, ТИКА уюму буга чейин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 76 миң долларга капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости