www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 14 мектеп бир күнгө жабылат

Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 16, 17, 19, 21 мектептер иштебейт.

«Анткени бул мектептер шайлоо тилкеси катары пайдаланылгандыктан, дүйшөмбү күнү дезинфекциялоо иштери жүрөт. Шейшемби күнү кайрадан аталган мектептерде билим берүү улантылат. Ал эми калган билим уялары үзгүлтүксүз түрдө иштей берет», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости