www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрелден тарта жүктөм маалындагы электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат.

Эске салсак, буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу чектөөлөр киргизилген. Тактап айтканда, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук төмөндөтүлгөн.

Ага ылайык:
— 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин;
— 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Бул чаралар киргизилбеген учурда, эң жогорку жүктөм маалында электр энергиясына болгон суроо-талап кескин өсүп, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу чекке чейин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн болчу.
Энергетика тармагындагы адистер тарабынан көрүлгөн ыкчам жана комплекстүү чаралардын натыйжасында мындай тобокелчиликтерге жол берилген жок.

Былтыр 2025-жылы керектөө 19 094,8 млн. кВт саат электр энергиясын түздү, бул 2024-жылга (18 235,0 млн. кВт саат) салыштырмалуу 859,8 млн кВт саат же 4,7%га көп. Мунун бирден бир себептери, турак-жайлардын курулушу, керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү жана жаңы объекттердин электр тармактарына кошулушу.

2026-жылдын 1-январына карата керектөөчүлөрдүн жалпы саны 1 621 292 (тиричилик– 1 503 813, тиричилик эмес – 117 479), 2025-жылы керектөөчүлөрдүн саны 36 287ге, анын ичинде тиричилик боюнча 30 976га жана тиричилик эмес боюнча 5 311 абонентке көбөйгөн.

Ага карабастан Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзгөн реформага ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык сапаттуу жүргүзүлүп, эскирген жабдууларды жаӊылоо, ири ГЭСтерди реконструкциялоо, ЧГЭСтерди, көмөк чордондорду куруу менен кошумча кубаттуулук көбөйтүлүп, кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жок.

Кубаттуулукту азайтуу чаралары «Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин» 79-пунктуна, электр менен камсыздоо келишимдерине жана техникалык шарттарга ылайык киргизилип, өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.

Последние новости