www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылы суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.

Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.

Министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

 

Последние новости