www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 1-апрелинен тартып жеке колдонуу үчүн товарды алымсыз ташып келүүнүн эрежеси өзгөрөт. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Бул Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 20- декабрындагы №107 чечимине байланыштуу.

Тактап айтканда:

Коштоочу жана (же) коштолбогон жүктө аба транспортунан же жөө өтүү тартибинен тышкары транспорттук каражаттар менен ташылып келинген жеке колдонуу үчүн товарларга карата алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:

- наркы 500 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 25 кг ашпоого тийиш. Эл аралык почта менен ташылып келүүчү жана ташуучу тарабынан жеткирилген жеке колдонуу үчүн товарларга (экспресс жүк) алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдө аныкталат:

– наркы 200 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 31 кг ашпоого тийиш. Буга чейин босоголор 2022-жылы чет элдик интернет дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товар буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу көтөрүлгөн.

2024-жылдын 1-апрелине чейин босого жүк ташуучу же почта аркылуу ташылган жүк үчүн 1000 еврону, аба транспорту же жөө өтүү тартибинен тышкары, бардык транспорт каражаттары аркылуу жүк менен алып кирүүчү товарлар үчүн 1000 еврону түзүп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости