www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин Казакстанга расмий сапарын даярдоонун алкагында Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын финансы министри Мади Такиев менен жолугушту.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө аталган иш сапардын алкагында кол коюуга пландалып жаткан айрым документтердин долбоорлорунун даярдыгы талкууланды.

Ошондой эле чек арадан товарларды алып өтүүдө жана маалымат алмашууда үзгүлтүксүз мыйзам бузууларга жол берген тараптарга чара көрүү жана бүгүнкү күнгө чейинки түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен жүк агымынын көлөмүн көзөмөлдөө боюнча ишти активдештирүү маселелери тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мыйзам бузуусуз иштеп жаткан Кыргызстандын ак ниет жүк ташуучуларын тобокелдиктерди башкаруу тутумунан (ТБТ) чыгаруу боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости